Редакцияот 05.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ – ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

2020-жылдын 5-марты № 213

 Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Кызыл-Өзгөрүш айылыТаза суу долбооруна киргендиктен суу башатын (артезиан) кудугун куруу үчүн жер аянтын трансформациялоо жөнүндө.

 Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Камыш-Башы айылындагы контур № 3-07-09-0018-0209, 3-07-09-0018-0210 айыл чарба багытындагы 1,33га жер аянтты багыты өзгөртүлүп, суу башатын (артезиан) кудугун куруу үчүн Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жерлердин багыттын которуу (трансформациялоо) комиссиясына сунушталсын.

2.    Суу башатын (артезиан) кудугун куруу үчүн 1,33 га жер аянтты трансформациялоого тиешелүү иш кагаздарын даярдап, кыска мөөнөттө бүткөрүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Бакиевге тапшырылсын.

4.    Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5.    Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы

Э.Сагынбеков