Редакцияот 22.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

 

2020-жылдын 22-апрели № 221

 Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуун жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө.

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар (ЫЭК) жөнүндө Жобонун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18,55-беренелерине ылайык жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар жөнүндө Жобо бекитилсин.

2.    Ушул токтом тиркемеси менен Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыялансын.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага жүктөлсүн.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары

 

Г.Сманова