Редакцияот 22.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

 

2020-жылдын 22-апрели № 224

 Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында 2020-жыл үчүн айрым жер салыктарынын суммасын азайтуу жөнүндө.

Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу

 Т. Мундусбаеванын, салыктар боюнча башкы адис М. Тиленбаеванын сунушун карап, талкуулап

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү салыктары; анын ичинен айыл чарбасына багытталган жер салыгы, короо алдындагы багбанчылык жер участокторунун жер салыгы, МКБФнун ижара акылары 2018-жылга калдыктардын эсебинен берилген пландан ашык аткарылгандыгын эске алып, 2019-2020-жылдар үчүн бюджет бекитүүдө жогоруда көрсөтүлгөн жер салыктары 2018-жылдын деӊгээлинде ашыкча бекитилип калгандыгына байланыштуу көрсөтүлгөн салыктардын суммасын азайтып берүү жагы жогорку органдардан суралсын.

 

№

Салыктардын аталышы

Салыктардын эсептелиниши

2019-жылга бекитилген сумма

Айырма

1

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

508 300 сом

630 000сом

121 700 сом

2

Короо алдындагы багбанчылык жер участоктору үчүн жер салыгы

306 900 сом

450 000

32 700 сом

3

МКБФнун жеринин ижара акысы

293 000 сом

385 000 сом

92 000 сом

 

 Жалпы сумма:

1 108 200 сом

1     465 500 сом

246400 сом

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.

3.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.    Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары

 

Г.Сманова