Редакцияот 30.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 30-январы №1/2

Ала-Бука айылдык кеңешинин кызматка дайындалган депутаттын ыйгарым укугун токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесинин 2-, 24-беренесинин 2-пунктарына ылайык Койчумбаев Самат Искендербековичтин Ала-Бука айылдык кеңешинин төрагасы М.Мамырбековдун атына жазган арызынын негизинде депутаттын ыйгарым укугун токтотуу жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына дайындалган Койчумбаев Самат Искендербековичтин депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.

2.    Койчумбаев Самат Искендербековичтен кийинки добуш алып, кезекте турган жарандардын кондидатураларын аныктап берүү Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3.    Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

М.Мамырбеков