Редакцияот 30.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 30-январы №1/6

Сары-Талаа айылынын тургуну Мамишева Бахриниса Ражоббаевнага материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

Сары-Талаа айылынын тургуну Мамишева Бахриниса Ражоббаевнага көп жылдан бери ооруп ага туугандары тарабынан бир комнаталуу үй салып бергени турат. Ошол үйгө аз да болсо материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү Сары-Талаа айылынын депутаты Масалбеков Кабылбек Авасбековичтин сунушун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Сары-Талаа айылыны тургуну Мамишева Бахриниса Ражоббаевнага жергиликтүү бюджеттен 28 24 беренесинен 50 000 (элүү мин ) сом өлчөмүндө акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.    Керектүү акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБнө жүктөлсүн.

3.    Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

М.Мамырбеков