Редакцияот 30.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 30-январы №1/7

Ала-Бука айылынын тургуну маркум Рысматов Таштемирдин ысымын Ала-Бука райондук борборлоштурулган китепканага ыйгаруу жөнүндө

Ала-Бука айылынын тургуну маркум Рысматов Таштемирдин Кыргыз калкынын адабий мурасына кошкон салымы, жаш муундарды патриоттук духта тарбиялоого багытталган чыгармачылык кызматын эске алып, Ала-Бука райондук борборлоштурулган китепканасынын кызматкерлеринин “20” 01 2020-ж № 01-20/4 кайрылуусун карап чыгып, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ала-Бука айылынын тургуну маркум Рысматов Таштемирдин ысымы

2.    Ала-Бука райондук борборлоштурулган китепканага ыйгарылсын.

3.    Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

М.Мамырбеков