Редакцияот 30.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 30-январы №1/9

Ала-Бука айылынын Т.Сартмамбетов көчөсүндөгү коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө

Ала-Бука айылынын Т.Сартмамбетов көчөсүндөгү коомдук коопсуздукту камсыз кылуу тууралуу Айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ала-Бука айылынын Т.Сартмамбетов көчөсүндө авто унаалар жүрүүчү жолдо жана тратуарларда ар айдын жекшембисинен сырткаркы күндөрдө соода сатык кылууга тыюу салынсын.

2.    Бул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу Ала-Бука райондук РИИБүнүн кызматкерлеринин катышуусу менен Айыл өкмөтүндө түзүлгөн атайын комиссиясына жүктөлсүн.

3.    Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына, айлдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика маселелери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

5.     

Айылдык кеңештин төрагасы

М.Мамырбеков