Редакцияот 18.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 18-февралы №2/2

Ала-Бука айылындагы М.Турдуматов көчөсүнө асфальт төшөө жумуштарын уюштуруу жана долбоорду ишке ашыруу үчүн акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө

Ала-Бука айылынын М.Турдуматов көчөсү айылдын негизги 2 чоң көчөсүн бириктирип тургандыгы, азыркы учурда өтө начар абалда экендиги, тез аранын ичинде асфальт төшөө жумуштарын уюштуруу зарылдыгы жөнүндөгү маалыматын эске алуу менен Жалал-Абад областынын өнүктүрүү фонду мекемесинин бюджеттик акча каражаттарынын эсебинен долбоорлорду тандоого катышуу тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Койчумбаев Самат Искендербековичтин маалыматтын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айыл Кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ала-Бука айылынын М.Турдуматов көчөсүн асфальт төшөө жумуштарын жүргүзүлсүн жана Жалал-Абад областынын Өнүктүрүү фонду мекемесинин кароосуна сунушталсын.

2.    “Ала-Бука айылынын М.Турдуматов көчөсүн асфальт төшөө” долбоору үчүн Жалал-Абад областынын Өнүктүрүү фонду мекемесинин бюджеттик акча каражаттарынын эсебинен 5437059 (беш миллион төрт жүз отуз жети миң элүү тогуз) сом суралсын.

3.    “Ала-Бука айылынын М.Турдуматов көчөсүн асфальт төшөө” долбоору үчүн өздүк салым катарында жергиликтүү бюджеттен 129 213 (бир жүз жыйырма тогуз миң эки жүз он үч) сом ажыратылсын.

4.    Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын жана токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү Кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

М.Мамырбеков