Редакцияот 18.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 18-февралы №2/3

Кыргыз Республикасынын 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Атамкулованын сунушун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын 2020-жылы өткөрүлүүчү эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджетинин 2512-беренесинен 150 000 (бир жүз элүү ) миң сом акча каражаты ажыратып берилсин.

2.    Каражаттарды максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистеринин жекече жоопкерчилигине жүктөлсүн.

3.    Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

М.Мамырбеков