Редакцияот 18.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 18-февралы №2/4

Ала-Бука райондук сотунун төрагасы Бейшеев Камбарбек Арзыбаевичти сот кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата, Ала-Бука айылдык кеңешинин “Ардак граммотасына” көрсөтүү жөнүндө

Ала-Бука райондук сотунун төрагасы Бейшеев Камбарбек Арзыбаевичти Ала-Бука районуна жашаган калктын конституциялык укуктарын коргоодо соттук адилеттүүлүктү камсыздоо жаатындагы үзүрлүү эмгегин эске алуу менен Ала-Бука айылдык кеңешинин төрагасы М.Мамырбековдун сунушун карап чыгып, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ала-Бука райондук сотунун төрагасы Бейшеев Камбарбек Арзыбаевичти Ала-Бука районуна жашаган калктын конституциялык укутарын коргоодо соттук адилеттүүлүктү камсыздоо жаатындагы үзүрлүү эмгеги үчүн Ала-Бука айылдык кеңешинин “Ардак граммотасына” көрсөтүлсүн.

2.    Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.

3.    Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

М.Мамырбеков