Редакцияот 18.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 18-февралы №2/5

Ала-Бука райондук сотунун жардамчысы Суютбеков Абдулла Абдукаримовичти сот кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата, Ала-Бука айылдык кеңешинин “Алкыш” баракчасына көрсөтүү жөнүндө

Ала-Бука райондук сотунун жардамчысы Суютбеков Абдулла Абдукаримовичти Ала-Бука районуна жашаган калктын конституциялык укуктарын коргоодо соттук адилеттүүлүктү камсыздоо жаатындагы үзүрлүү эмгегин эске алуу менен Ала-Бука айылдык кеңешинин төрагасы М.Мамырбековдун сунушун карап чыгып, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ала-Бука райондук сотунун жардамчысы Суютбеков Абдулла Абдукаримовичти Ала-Бука районунун социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымын, үзүрлүү эмгеги үчүн Ала-Бука айылдык кеңешинин “Алкыш” баракчасына көрсөтүлсүн.

2.    Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.

3.    Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

М.Мамырбеков