Редакцияот 18.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 18-февралы №2/6

“Сары-Талаа суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын айыл чарба каналдарын калыбына келтирүү багытында алынган кредиттик карыздарынан Ала-Бука айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунан 53,8 га жерге тиешелүү болгон бөлүгүн төлөп берүү жөнүндө

 “Сары-Талаа суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын айыл чарба каналдарын калыбына келтирүү багытында алынган кредиттик карыздарынан Ала-Бука айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунан 53,8 га жерге тиешелүү болгон бөлүгүн төлөп берүү жөнүндөгү М.Гайназаровтун маалыматын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айыл кенешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги 2 сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    “Сары-Талаа суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын айыл чарба каналдарын калыбына келтирүү багытында алынган кредиттик карыздарынан Ала-Бука айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунан 53,8 га жерге тиешелүү болгон 299 мин 941 сом карыз төлөп берилсин.

2.    “Сары-Талаа суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын айыл чарба каналдарын калыбына келтирүү багытында алынган кредиттик карыздарынан Ала-Бука айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунан 53,8 га жерге тиешелүү болгон 299 мин 941 сом карызды төлөп берүү боюнча жумуштарды ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө милдеттендирилсин.

3.    Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.

4.    Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

М.Мамырбеков