Редакцияот 19.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 19-марты № 4/1

Ала-Бука айыл аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алуу чаралары жөнүндө

Ала-Бука айыл аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алуу жана калктын санитардык-эпидемиологиялык абалын камсыздоо үчүн кошумча акча каражатын бөлүү жөнүндөгү депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ала-Бука айыл аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алуу үчүн жергиликтүү бюджетинин 2215-беренесинен кошумча 800 000 (сегиз жүз ) миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.    Каражаттарды максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн материалдык жоопкерчиликтүү кызматкери С.Маткеримовго жүктөлсүн.

3.    Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

М.Мамырбеков