Редакцияот 26.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 26-марты № 5/1

Ала-Бука айыл аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алуу чаралары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) чыккандыгына карата өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу Ала-Бука аймактык ооруканасынын директору Б.С.Алибаеванын Ала-Бука райондук аймактык ооруканасынын инфекциялык ооруулар бөлүмүнө көчмө флюраграфиялык аппаратын алуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Ала-Бука райондук эпидемиологиялык фондуна бөлүнгөн 1 000 000 (бир миллион) сом акчанын эсебинен Ала-Бука райондук аймактык ооруканасынын инфекциялык ооруулар бөлүмүнө көчмө флюраграфиялык аппаратын алуу үчүн 500 (беш жүз) мин сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.    Каражаттарды максаттуу пайдалануу Ала-Бука райондук аймактык ооруканасынын директору Б.С.Алибаеванын жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.

3.    Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кенешинин төрагасынын орун басары

А.Саттаров