Редакцияот 14.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 14-апрели № 6/1

Ала-Бука айыл аймагындагы муниципалдык ишканаларда иштеп жаткан жардамга муктаж жарандарга жана посттордо турган милиция кызматкерлерине жардам көрсөтүү жөнүндө

Ала-Бука айыл аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жуктуруп алуу коркунучуна карабастан иштеп жаткан муниципалдык кызматкерлердин муктаждарына жана Ала-Бука айылынын карантип постторунда күнү-түнү элдин коопсуздугун ойлоп турган Ала-Бука РИИБүнүн кызматкерлерине жардам көрсөтүү жөнүндөгү Ала-Бука РИИбүнүн начальниги милициянын полковниги А.Сулаймановдун кайрылуусунун ошондой эле А.Саттаровдун сунушун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Голд Майнинг ЖЧКсы тарабынан берилген ундан Ала-Бука айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлердин муктаждарына 20 кап жана Ала-Бука айылынын карантип постторунда турган кызматкерге 20 кап бөлүнүп берилсин.

2.    Берилген унду бөлүштүрүү Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаттарына милдетендирилсин.

3.    Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

М.Мамырбеков