Редакцияот 22.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 22-майы № 7/1

Достук айылындагы “Акурча” жаңы конушунун көчөлөрүн шагалдоо жөнүндө

Достук айылындагы “Акурча” жаңы конушунун көчөлөрүн шагалдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен керектүү акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы С.Койчумбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Достук айылындагы “Акурча” жаңы конушунун көчөлөрүн шагалдоо үчүн зарыл болгон 700 (жети жүз) мин акча каражатын жергиликтүү бюджеттин 3111 беренесинен кыскартылып, 2512 беренесине которулуп субсидия катары “Ала-бука Техсервис” муниципаллык ишканасына бөлүнүп берилсин.

2.    Бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу “Ала-бука Техсервис” муниципаллык ишканасынын башчысы Т.Турсунбаевге милдеттендирилсин.

3.    Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

М.Мамырбеков