Редакцияот 20.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 20-ноябры №26

 Көк-Мойнок айыл аймагынын Ак-Өлөӊ айылына жаӊы курулган ФАПка  наам ыйгаруу жөнүндө

 Көк-Мойнок айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Көк- Мойнок айыл аймагынын Ак-Өлөӊ айылындагы жаӊы курулган ФАПка Жумабаева Айганыштын наамы ыйгарылсын.

2.    Бул токтом Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүӊ башчысы М.Кыдыралиевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Джодаев А.Б.