Редакцияот 16.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК – МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 16-декабры № 29

Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн аппараттык кызматкерлердин штаттык бирдиктеги өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 12.11.2019-жылдагы №04-275 корутусуна ылайык жана  «Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн  кызматкерлеринин эмгек штаттарынын зыяндуулугуна карата кошумча компенсация төлөнүү аныктоо үчүн комиссия түзүү жөнүндө » буйругуна ылайык , Көк-Мойнок айыл өкмөттүнүн аппараттык кызматкерлеринин 2020-жылдык тарификациясына киргизүү боюнча сунуш менен таанышып жана Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин  депутаттарын угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Көк- Мойнок айыл өкмөтүнүн аппараттык кызматкерлеринин штаттык бирдигине кошумча компенсация төлөө киргизилсин.

2.    Компенсация төлөө 2020-жылдын 1-январынан баштап төлөнүп берилсин.

3.    Жогоруда көрсөтүлгөн чыгым 2020- жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөнүп берилсин.

4.    Токтомду аткаруу алуу максатында КР ФМ Тоӊ башкармалыгына сунуштоо жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сманова Нуржан Кенжебековнага тапшырылсын.

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Мойнок  айыл аймагынын башчысы М.А.Кыдыралиевага жана айылдык Кенешинин төрагасы А.Б.Джодаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Б.Джодаев