Редакцияот 14.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 14-февралы № 35

Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган 26851200 сом калдыгын кароо жана бөлүштүрүү жөнүндө

 Көк-Мойнок айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ак-Өлөӊ айылына бала бакча куруу үчүн-8000000 сом;

2.    Ак-Өлөӊ айылына ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда бактерицид орнотуу жана жумуштары үчүн- 500 000 сом;

3. Көк-Мойнок-1 айылына ФАПтын имаратын үлүштүк грант аркылуу салууда айыл өкмөтүн үлүшү катары -800 000 сом;

4. С.Каралаев, Көк-Мойнок-1 орто мектептердин ашканасына инвентарларды алуу үчүн -230 000 сом;

5. Көк-Мойнок-2 айылынын таза суусуна электр линиясын тартуу үчүн- 200 000 сом;

6. Ак-Өлөӊ, Көк-Мойнок-1,Көк-Мойнок-2 айылынын көчөлөрүнүн жарыктандыруусуна -500 000 сом;

7. Ак-Өлөӊ айылына жаны курулган ФАПка көмүр жагуучу печка салуу үчүн -300 000 сом;

8. Ч.Исаеванын компенсациясы үчүн -901 200 сом;

9. С.Каралаев, Көк-Мойнок-1 , Көк-Мойнок-2 орто мектептерине видео көзөмөл коюу үчүн- 690 000 сом;

10. Көк-Мойнок айыл аймагынын турак-жай маселесин чечүү максатында Ген план түзүүгө ,долбоорлук сметалык документацияларды жасоого, сметчикке,технадзорго ,АПУ жана ИТУ иш кагаздарын жүргүзүүгө жана жер аянттарына мамлекеттик акт алуу үчүн -1 000000 сом;

11. Соц объектилерге өрт коопсуздугу үчүн шит орнотуу үчүн-150 000 сом;

12. Көк-Мойнок-1 айылынын таза суусуна 2019-жылы келишим түзүлүп, которула элек “Гигаком” ЖЧКна калган акча каражаты үчүн-1 331 600 сом ;

13. С.Каралаев орто мектебинин айланасын курчоодо келишим түзүлүп которула элек “Мессина” ЖЧКна -755 200 сом;

14. Айыл аймактын айылдарынын жолбун иттерин аттыруу үчүн- 40 000 сом;

15. Көк-Мойнок-2 айылынын жолдорун оңдоого- 7 690 000 сом;

16. Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн коомдук-профилактикалык борборунун бензини үчүн -10000сом;

17. Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн кире беришиндеги стелланын свети үчүн -10000сом;

18. Көк-Мойнок-1 айылынын клубунун ремонтуна -2 000000сом;

19. Көк-Мойнок -1 айылына тренажердук аянтча куруу үчүн -700 000сом;

20. Көк-Мойнок-1 айылына балдар аянтчасын тосмосу отургучу менен куруу үчүн – 400 000сом;

21. Көк-Мойнок-1 айылына айыл өкмөткө караштуу контейнердин ичин ремонттоо үчүн-200 000сом;

22. Көк-Мойнок-1 айылына айыл башчы, аксакалдар сотунун кабинетине инвентарь алуу үчүн -36 000сом ;

23. Көк-Мойнок-1 айылына айыл башчы, аксакалдар соттунун кабинетине орг.техникаларды алуу үчүн -54000сом;

24. Көк-Мойнок-1 айылынын кире беришине стелла куруу үчүн -300 000сом;

25. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы М.А.Кыдыралиевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Б.Джодаев