Редакцияот 26.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХI сессиясы

 

2020-жылдын 26-февралы № 2

маркум Абылов Майрамбектин көчөгө атын коюу жөнүндө

ЖКККБнүн башчысы милициянын подполковниги А.Досовдун жана Социалдык масалелер боюнча комитеттин төрагасы Ш.Шабдановдун билдирүүсүнө негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Шыдыр айылынын тургуну маркум Абылов Майрамбектин ысымы Орто-Сай участкасынын Шыдыр айылынын тургундарына тийген көчөгө берилсин.

2.    Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

3.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимов милдеттендирилсин.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы

К.Аттокуров