Редакцияот 18.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 2-декабры №223/44-7

“Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө отчету ”

     Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2019-жылдын аткарган иштери жөнүндө маданият бөлүмүнүн отчетун жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXXIV сессиясы

 

Токтом кылат:

1.    Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө “Энергетик” маданият үйүнүн директору Б.О.Жаркынбаевдин отчету жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсү эске алынсын.

2.    Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө маданият бөлүмүнүн иши канааттандырарлык деп табылсын.

3.    Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Н.Кыргызалиев