Редакцияот 02.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 2-декабры №239/44-7

“Кара-Көл шаардык кеңешинин 21.04.2020-ж.№203/40-7 сандуу токтомунун №3 тиркемесинежана 27.07.2020-ж. №208/41-7 сандуу токтомунун№1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү, толуктоолордукиргизүү жөнүндө”

Кара-Көл шаарынын 1-вице-мэри Э.Э.Бабакановдун 13.11.2020-ж. №05-2/4265 сандуу катын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXXIV сессиясы

 

Токтом кылат:

1.    Кара-Көл шаардык кеңешинин 21.04.2020-ж. №203/40-7 сандуу токтомунун №3 тиркемесинин 14-позициясында Канат, Ак-Кыя 2,1, Төш-Мазар, Кулданбаев 1,2, Ак-Таш, Чоң-Таш көчөлөрүнө таза суу чыгарууга ПСД даярдоо үчүн кызмат акысы жана экспертизадан өткөрүүгө каралган 1 000,0миң сом, 27.07.2020-ж. №208/41-7 сандуу токтомунун №1 тиркемесинде “Кайыңды” эс алуу лагеринин имаратынын №1,2 бөлүгүн капиталдык ремонттоо иштерин жүргүзүүгө каралган 2 742,9миң сом, шаардык жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн иш чараларына бекитилген 450,0миң сом (1000,0+2742,9+450,0) 4192,9миң сомдун эсебинен шаардык мэриянын чатырын ремонттоого сметалык баасы 2558,1миң сом, Бекташ көчөсүндөгү спорт комплексинин курулушу аяктап калгандыгына байланыштуу 1339,2миң сомду ордуна коюуга, Канат, Ак-Кыя 2,1, Төш-Мазар, Кулданбаев 1,2, Ак-Таш, Чоң-Таш көчөлөрүнө таза суу чыгаруу үчүн даярдалган ПСДларын экспертизадан өткөрүүгө 50,0миң сом жалпы (2558,1+1339,2+50,0) 3947,3миң сом акча каражатын ШММБнын тиешелүү беренелерине жылдыруу, тактоо (уточнение) киргизүү жолу менен тиркемеге ылайык каржылоого макулдук берилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( И.М.Еркеев), ШММБна (М.С.Курамаев), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов), ал эми көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Чаргынов) жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Н.Кыргызалиев

 

                                                                                                          Тиркеме 1

                                                                                                       Бекитилди:

                                                                                                               Кара-Көл шаардык кеңештин

                                                                                                           02.12.2020-ж. №239/44-7 сандуу  

                                                                                                            токтому менен

Кара-Көл шаардык мэриянын 2020-жылга социалдык-экономикалык

программасы же  "Өнүгүү бюджетинин"  иш планынын

Р Е Е С Т Р И

№ п/п

Мекеменин аталышы

Иш планынын аталышы

Болжолдуу сметалык баалары     (сом)

Эскертме

0

1

2

3

4

1

ШММБ

Бекташ көчөсүндөгү спорт комплексинин курулушун улантуу (10138,1+1 339,2)

11 477300

 

2

Мэрия

"Келечек" балдар бакчасына капиталдык оңдоп,түзөө иштерин жүргүзүү

731 600

Дем берүүчү гранттын үлүшү

3

Мэрия

"Энергетик" стадионунда оңдоп, түздөө иштерин жүргүзүү

4 433300

Дем берүүчү гранттын үлүшү

4

ШММБ

Шаардык мэриянын имаратынын чатырын жабууга

2 558100

 

 

Б А Р Д Ы Г Ы

19 200300

 

Аппарат жетекчи                                                               Нурматова К.И.