Редакцияот 22.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 22-сентябры №210/42-7

“Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө отчету”

 Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин башкы эсепчиси А.Э.Чокоевдин жайыт комитетинин 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө отчетун, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХXХII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин башкы эсепчиси А.Э.Чокоевдин жайыт комитетинин 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө отчету, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсү эске алынсын.

2.    Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин башкы эсепчиси А.Э.Чокоевдин жайыт комитетинин 2019-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

3.    Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине (Т.С.Абдраимов) Жайыт мыйзамынын талаптарын так аткаруу милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине (Т.С.Абдраимов) жана Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгына (Г.А.Таштанкулова), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Н.Кыргызалиев