Редакцияот 22.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 22-сентябры №213/42-7

“Кара-Көл шаардык балдар өспүрүмдөрспорт мектебинин (ДЮСШ) 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө”

 Кара-Көл шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин директору С.Э.Дуйшебаеванын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХXХII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.

 Кара-Көл шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектебинде спорттун 8 түрү боюнча балдар машыгат. Баскетбол, волейбол, эркин күрөш, футбол, тогуз-коргоол, бокс, ордо, кыргыз күрөш. Жалпы 19 адам эмгектенет, машыктыруучулар -13, анын ичинен жогорку билимдүү 10, атайын орто-2, орто-1. Аталган спорттун түрлөрү боюнча өткөрүлгөн мелдештерге балдар катышып, татыктуу орундарды алышкан.

 Жогорудагылардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXXII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кара-Көл шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин директору С.Э.Дуйшебаеванын 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы, эске алынсын.

2.    Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына ( Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Н.Кыргызалиев