Редакцияот 27.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 27-июлу №208/41-7

“Кара-Көл шаардык кеңешинин 21.04.2020-ж. №204/40-7 сандуу токтомунун 5-тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”

Кара-Көл шаарынын 1-вице-мэри Э.Э.Бабакановдун 10.07.2020-ж. чыгыш №05-21/2833 сандуу катын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун, жана шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXXXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 21.04.2020-ж. №204/40-7 сандуу токтомунун 5-тиркемесине өзгөртүү жана толуктоолор киргизилип ушул токтомдун тиркемесиндеги редакцияда берилсин (тиркелет).

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясына (Чаргынов А.К.) жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Н.Кыргызалиев

 

 Тиркеме 1

 «Бекитилди»

 Кара-Көл шаардык кеңештин

 27.07.2020-ж. №208/41-7 сандуу токтому менен

Кара-Көл шаардык мэриянын 2020-жылга социалдык-экономикалык

программасы же "Өнүгүү бюджетинин" иш планынын

Р Е Е С Т Р И

№ п/п

Мекеменин аталышы

Иш планынын аталышы

Болжолдуу сметалык баалары (сом)

Эскертме

0

1

2

3

4

1

ШММБ

Бекташ көчөсүндөгү спорт комплексинин курулушун улантуу (11477,3-1 239,2)

10 238 100,0

 

2

Мэрия

"Келечек" балдар бакчасына капиталдык оңдоп,түзөө иштерин жүргүзүү

731 600,0

Дем берүүчү гранттын үлүшү

3

Мэрия

"Энергетик" стадионунда оңдоп, түздөө иштерин жүргүзүү

4 333 300,0

Дем берүүчү гранттын үлүшү

4

Мэрия

"Кайыңды” эс алуу лагеринин имаратынын 1-2-бөлүгүн капиталдык ремонттоо иштерин жүргүзүү:

4.1.Бекташ көчөсүндөгү спорткомплексин курулушун улантуу (11 477,3-10 238,1) 1239,2миң сом;

4.2.ШБББнүн тамак-ашка (3 335,0-2 623,3) 711,7миң сом;

4.3."Кайыңды" балдар эс алуу борбору 792,0миң сом

2 742 900,0

Дем берүүчү гранттын үлүшү

 

 

Б А Р Д Ы Г Ы

18 045 900,0

 

Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси Нурматова К.И.