Редакцияот 25.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы

 

25-жылдын 25-февралы № 3

“Масы айылдык кеңешинин депутаты Алиев Абдыкадыр Мухтаровичтин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө»

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесинин 1-2-пункту жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-беренесине ылайык Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Алиев Абдыкадыр Мухтарович Масы айыл өкмөтүнүн Беш-Жыгач айылына айыл башчы болуп шайлангандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун.

2.    Кийинки депутатты мыйзамга ылайык аныктап берүү жагы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Масы айылдык Кеңешинин төрагасы

 

А Нарматов