Редакцияот 08.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы

 

2020-жылдын 8-майы № 1

Масы айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүнаткарган иштерин кароо жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Масы айыл аймагындагы жарандардын жакырчылык деңгээлин кароо менен бирге алардын жөлөк пул алуусуна көмөктөшүү үчүн Ноокен райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен макулдашылып аткаруу белгиленсин.

2.    Масы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелерин жана жөлөк пул алуучулар боюнча маселесин 2020-жылдын август айында кароо каралсын.

3.    Маселени сапатуу жана так аткаруу Масы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адистери А.Максуталиева жана С.Амракуловаларга милдеттендирилсин.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Саттаровго тапшырылсын.

 

Масы айылдык Кеңешинин төрагасы

 

А Нарматов