Редакцияот 28.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз X сессиясы

 

2018-жылдын 28-декабры № 1

Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө.

Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз X сессиясынын,биринчи маселеси боюнча айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнин башчысы Р.Дуулатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 17148300 ( он жети милион бир жүз кырк сегиз мин үч жүз)сом, чыгаша бөлүгү 17148300 ( он жети милион бир жуз кырк сегиз мин үч жүз)сом акча каражаты тиркеме ылайык бекитилсин.

2. Атайын төлөм каражатынын киреше бөлүгү 1800000 ( бир милион сегиз жүз миң) сом чыгыша бөлүгү 1800000 ( бир милион сегиз жүз миң) сом акча каражаты бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тайыл кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Т.Балтагулов айылдык аймагынын

айылдык Кеңешинин төрагасы

 

 

С.Акназаров