Редакцияот 27.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2020-жылдын 27-майы № 7

 Айыл кеңешинин депутаты Жумабаев Абдираим жөнүндө.

 Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Бекиева айыл кеңешинин депутаты Жумабаев Абдираимдин арызы менен тааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешишин кезектеги II сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Айыл кеңешинин депутаты Жумабаев Абдираим айыл өкмөтүнө жумушка кабыл алынгандыгына байланыштуу депутаттык мандатын тапшыруусуна макулдук берилсин..

2.Айыл кеңешинин депутаты Жумабаев Абдираимдин мандатын токтотуу жагыАла-Бука аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

4.. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.

5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик  укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Айылдык Кеңешинин төрагасынын

орун басары

 

 

Бекиева М.