Редакцияот 28.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Э.АРАЛБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Э. Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы

 

2020-жылдын 28-апрели № 4

“Толук айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасынын ишин токтотуу максатында”

Толук айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы Дүйшеев Зайыр Сыязбековичтин өз милдетин аткарууда кетирген кемчиликтерин жана ишмердүүлүн карап чыгып, Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин VII чакырылышын кезектеги XXV сессиясы

 

Токтом кылат

1.    Толук айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы Дүйшеев Зайыр Сыязбекович өз милдетин аткарууда кетирген кемчиликтерин жана ишмердүүлүн карап чыгып канааттандырарлык эмес деп белгиленсин. Үч жолу сессияга келбегендиги эске алынсын.

2.    Бул токтомду аткаруу жана элге маалымат жеткирүү жагы Толук айыл аймагынын айыл башчыларына милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

 А.Аманов