Редакцияот 06.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

2020-жылдын 6-июлу № 10

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жайгашкан Кара-Даала участкасына мамлекеттик акты алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жайгашкан Кара-Даала участкасына мамлекеттик акты алуу керектиги жөнүндө КЭБ башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жайгашкан Кара-Даала участкасына мамлекеттик акты алууга 93 746 (токсон үч мин жети жүз кырк алты ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы

Ажакматов И.К.