Редакцияот 30.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2017-жылдын январы № 1

 

 Атай айыл аймагын өнүктүрүүнүн  стратегиясын жана инвестициялык планын  бекитүү жана АРИС долбооруна конкурска  катышуучу ири конкурстук сунушту  талкуулоо тууралуу

Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата түзүлгөн өнүктүрүүнүн  стратегиясын жана инвестициялык планы бекитилсин.

2.Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС)Коммуналдык  инфраструктураны каржылоо долбоорунун VIP-KfW ,3-этабынын (АИД) IIциклынын  алкагында конкурска катышуучу ири долбоордук сунуш болгон 50 орундуу  Жеткинчек бала бакчасынын жаңы имаратын куруу долбоору жактырылсын.

3.Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн стратегиялык жана инвестициялык пландарын, жактырылган ири долбоорун,облустук конкурстук комиссияга өз убагында белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей тапшыруу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Бобукеев Бакдөөлөткө милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышы Атай айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук  тартибин сактоо,социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Атай айылдык Кеңешинин төрагасы

У.Шерипов