Редакцияот 30.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2017-жылдын 30-январы № 6

 Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы  жайыт пайдалануучулар бирикмесинин  2017-жылдарга иш планын бекитүү  жөнүндө

Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Абдылдаевдин 2017-жылдарга түзүлгөн иш планынын маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдарга түзүлгөн иш планы бекитилсин.

2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине келген Погрузчик техникасынын жана кой кыркуучу машинканын тарифи бекитилсин.

3. Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдарга түзүлгөн планын ишке ашыруу жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин башчысы Б.Абдылдаевге тапшырылсын.

4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Атай айылдык Кеңешинин төрагасы

У.Шерипов