Редакцияот 11.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХX сессиясы

 

2019-жылдын 11-сентябры № 6

 Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү жана дан эгиндерин жыйноочу  комбайн алууга “Жалал-Абад облусунун Өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоор даярдап сунуштоо жөнүндө

 Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХX сессиясы талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын 06.09.2019-жылдагы №7 протоколу бекитилсин.

2. Эгин жыйноочу комбайн алуу үчүн “Жалал-Абад облусунун Өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоор даярдап өткөрүү жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү Атай айыл Кеңешинин “План- бюджет жана финансы ” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .

 

Атай айылдык Кеңешинин төрагасы

У.Шерипов