Редакцияот 26.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХXII сессиясы

 

2019-жылдын 26-декабры № 3

 Атай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата түзүлгөн социалдык – экономикалык өнүктүрүү программасын  бекитүү жөнүндө

Атай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата түзүлгөн социалдык –экономикалык өнүктүрүү программасын Атай айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, план-бюджет жана финансы жана социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясын сунушун угуп талкуулап,

 Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХXII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Атай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата түзүлгөн социалдык – экономикалык өнүктүрүү программасы бекитилсин.

2. Атай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата түзүлгөн социалдык – экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин « Пландоо бюджет » ,мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, агрардык маселелер жана жол курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Атай айылдык Кеңешинин төрагасы

У.Шерипов