Редакцияот 15.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХХII сессиясы

 

2020-жылдын 15-майы № 26

“Тазалык” турак-жай коммуналдык чарбасынын таштанды төгүүчү жайды тазалоодо кеткен чыгымдын тарифин бекитүү жөнүндө

 «Өнөр-жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Д.Базаркуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

 

 Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХХII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    “Тазалык” турак-жай коммуналдык чарбасынын балансында турган “Тагай” участкасындагы таштандыларды топтоочу жайга Тогуз-Торо районунун аймагында иш аракет жүргүзгөн бардык юридикалык жактар тарабынан төгүлгөн  таштандылар үчүн 440,0 сом өлчөмүндө тариф бекитилип берилсин.

2.    Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

3.    Бул токтомду аткаруу жагы “Тазалык” турак-жай коммуналдык чарбасынын жетекчиси С.Төрөбековго милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Өнөр-жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Д.Базаркуловко жүктөлсүн.

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы

Р.Жунусакунов