Редакцияот 23.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз XXХIII сессиясы

 

2020-жылдын 23-июну № 35

 Каргалык айыл өкмөтүнүн № 320-катын кароо жөнүндө

 Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

 Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз XXХIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Башкаруу тармагына каралган 2215 ар түрдүү бересинен Чет-Булак айылындагы санариптик автоматтык ретрансляторго кондиционер алууга 10,0 миң сом, айыл өкмөттүн имаратына бирдиктүү терезе жасоого 40,0 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин .

2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге милдеттендирилсин.

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы

Р.Жунусакунов