Редакцияот 23.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХХ кезектеги сессиясы

 

2020-жылдын 23-декабры № 4

“Стим грантка сунуш берүү жөнүндө”

Чаткал айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XХХ кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Чаткал айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата Республикалык бюджетке стим грантка сунушталган долбоорлору боюнча маалыматы жактырылсын.

2.    Жаны Базар айылындагы Т.Жаналиев атындагы Чаткал орто мектебинин корпусунун ички капиталдык ондоо иштерин жүргүзүүгө Республикалык бюджетен суралган акча каражатына кошумча айыл өкмөтүнүн өздүк салымы айыл окмотунун бюджетинен бөлүнүп берилсин.

3.    Жаны Базар, Курулуш жана Ак Таш айылдарына кичи футболдук аянтча куруу боюнча Республикалык бюджеттен суралган акча каражатына кошумча айыл өкмөтүнүн өздүк салымы айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, социалдык масселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Чаткал айылдык Кеңешинин

төраганын орун басары

 

Субанов С.