Редакцияот 31.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVI кезектеги сессиясы

 

2020-жылдын 31-январы № 1

«Чаткал айыл Өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдын 12 айындагы көрсөткүчтөрү жөнүндө”

 15-июль 2011-ж. №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 46,50-беренелеринин негизинде Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун Чаткал айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдын 12 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин жана коюлган милдеттеринин аткарылышы боюнча отчету жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун Чаткал айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдын 12 айындагы аткарган иштери боюнча отчету жана коюлган милдеттеринин аткарылышы жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.

2.    Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдын 12 айындагы көрсөткүчтөрү, аткарылышы боюнча отчету айрым кемчиликтери менен канааттандырарлык деп табылсын.

3.    Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары С.Субановго тапшырылсын.

 

Чаткал айылдык Кеңешинин

Төрагасы

 

Эргеш уулу У