Редакцияот 31.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVI кезектеги сессиясы

 

2020-жылдын 31-январы №2

“Чаткал айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга өнүгүүнүн планы жөнүндө”

Чаткал айыл Өкмөтүнүн 2020—-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү аракеттеринин иш чараларын угуп жана талкуулап Эл депутаттарынын Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVI -сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Чаткал айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга карата сунушталган социалдык-экономикалык өнүгүү аракеттеринин иш чаралары жактырылсын.

2.    Чаткал айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү аракеттеринин иш чараларын Чаткал айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен ишке ашыруу белгиленсин.

3.    Чаткал айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү аракеттеринин иш чараларынын негизинде ишке ашыруу жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык кенешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн. 

 

Чаткал айылдык Кеңешинин

Төрагасы

 

Эргеш уулу У