Редакцияот 31.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVI кезектеги сессиясы

 

2020-жылдын 31-январы № 5

“Усаткалык шайлоо комиссияларынын  резервин бекитүү жөнүндө”

Чаткал айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо боюнча сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVI кезектеги сессиясы

                                        

Токтом кылат:

1.    Чаткал айыл аймагынын №2296, №2297, №2298 участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо боюнча сунушу эске алынсын.

2.    Чаткал айыл аймагынын №2296, №2297, №2298 участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоолор боюнча тизмеси бекитип берүү жагы Чаткал райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын .

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айыл аймагынын башчысына милдеттендирилсин.

 

Чаткал айылдык Кеңешинин

Төрагасы

 

Эргеш уулу У