Редакцияот 01.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVIII кезектеги сессиясы

 

2020-жылдын 1-октябры № 1

Чаткал айыл аймагына караштуу Курулуш айылынын Ири Сай участкасынан “ Акилбирс-Афлатун” ЖЧКсынын чачыранды алтын казуу иштери боюнча арызын талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Чаткал айыл өкмөтүнүн 18.08.2020-жылдагы № 01-17/547 кириш сандуу “Акилбирс-Афлатун” ЖЧКсынын чачыранды алтын казуу жөнүндөгү жер пайдаланууга берген арызы боюнча Курулуш айылындагы жергиликтүү калктын суроо талаптарынын негизинде эл менен жолугушуудан кийин кайрадан сессияга сунушталсын.

2.    “Акилбирс-Афлатун” ЖЧК сы менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусу үчүн айыл өкмөтү тарабынан атайын ишканага кат берилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык Кенешинин жер  маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Эргеш уулу У