Редакцияот 04.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН VI-ЧАКЫРЫК XХII- СЕССИЯСЫ

 

2020-жылдын 04-февралы № 11

 “Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Булак айылында жайгашкан  №23-“Таш-Булак”орто мектебинин  жайгашкан жери жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин № 31,32,34,44-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын директору З.Т.Садыковтын жөнөткөн катын угуп, талкуулап Таш-Булак айылдык кеңешинин XXII-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Таш-Булак айылындагы №23-“Таш-Булак” орто мектеби ээлеп турган 7303,0 кв.м.жер аянты №23-“Таш-Булак” орто мектебине бекитилип берилсин.

2.     Бекитилип берилген жер аянтына тийишелуу юридикалык иш-кагаздарын даярдап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Таш-Булак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Шермат уулу Алмаз