Редакцияот 04.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН VI-ЧАКЫРЫК XXII- СЕССИЯСЫ

 

2020-жылдын 04-февралы № 13

 «Таш-Булак айыл өкмөтүнө  ОсОО “Автомаш-Радиатор” ишканасынан сатып алынган  техниканы жайыт  комитетине өткөрүү жөнүндө»

Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы Шермат уулу Алмаздын маалыматын угуп жана талкуулап Таш-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Таш-Булак айыл өкмөтүнө ОсОО “Автомаш-Радиатор” ишканасынан “АРИС”тын “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” программасынын долбору аркылуу айыл өкмөттүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине сатып алынган Фронтальный погрузчик RONGWEI ZL 939E № ВО 124166 жана эксковатор-погрузчик Амкадор-702ЕМ. № 90833321 техникасы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине өткөрүп берилсин.

2.    Жайыт комитетинин балансына алуу үчүн керектелүүчү документтарди даярдоо ФЭБнө милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Таш-Булак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Шермат уулу Алмаз