Редакцияот 10.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VI-ЧАКЫРЫК КЕЗЕКСИЗ XXVI- СЕССИЯСЫ

 

2020-жылдын 10-июлу № 01

 “Таш-Булак айылдык кеңештин  төрагасы жана жооптуу катчы  кызмат орундарынын штаттык  ырааттамасын бекитүү жөнүндө”

     2020-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештерге акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” №64-токтомун жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 02-июнундагы №07-03/1041-сандуу катын аткаруу максатында Таш-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы жана жооптуу катчы кызмат орундарынын штаттык ырааттамасын бекитүүгө макулдук берилсин.

2.    Штаттык тизмеге толуктоолорду киргизүү айыл өкмөтүнүн финанс-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Аманкуловага милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

Таш-Булак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Шермат уулу Алмаз