Редакцияот 07.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Мавлянов айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2020-жылдын 7-августу № 4/4

СПАнын жүргүзгөн иштеринин абалы жана УОСтун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.

СПАнын жүргүзгөн иштеринин абалы жана УОСтун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү СПАнын башчысы С.Асановдун берген маалыматын жана сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. СПАнын жүргүзгөн иштеринин абалы жана УОСтун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү СПАнын башчысы С.Асановдун берген маалыматы эске алынсын.

2. СПАдагы берилип жаткан сугат сууга квитанциялар аркылуу берилүүсүн камсыздоо жана көзөмөлдөө жагы С.Асановго жүктөлсүн.

3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мавляновго жүктөлсүн.

 

Төрага

З.Айтмаматов