Редакцияот 12.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак- Там айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXV cессиясы

 

2020-жылдын 12-февралы № 25/1

 

 Ак-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу Х.Көчөрбаевдин 2019-жылдагы айылдык округунун бюджетинин жана атайын төлөм каражатынын аткарылышы толуктоо жана өзгөртүүлөр менен бекитүү жөнүндө.

 

 Ак-Там айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдагы айылдык округунун бюджетинин жана атайын төлөм каражатынын аткарылышы ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу Х.Көчөрбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Ак- Там айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXV cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ак-Там айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдагы бюджетинин жана атайын төлөм каражатынын аткарылышын толуктоо жана өзгөртүүлөр менен бекитүү ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу Х.Көчөрбаевдин билдирүүсүнүн негизинде эске алынсын.

2.    Ак-Там айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдагы бюджетинин жана атайын төлөм каражатынын аткарылышын толуктоо жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына жана айыл аймагынын башчысы М.Камчыбековго тапшырылсын.

 

Ак-Там айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы

 

С.Досалиев