Редакцияот 12.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Ак- Там айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXV cессиясы

 

2020-жылдын 12-февралы № 25/2

 Ак-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу Х.Көчөрбаевдин 2020-жылга айылдык аймагынын бюджетинин жана атайын төлөм каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө.

 Ак-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу Х.Көчөрбаевдин 2020-жылга айылдык аймагынын бюджетинин жана атайын төлөм каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн сметасын бекитүү максатында Ак- Там айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXV cессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ак-Там айыл аймагынын 2020-жылга бюджетинин жана атайын төлөм каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн сметасы статьялар жана тармактар боюнча тиркемеге ылайык кабыл алынсын.

2.    Айыл аймагынын бюджетинин 2020-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн сметасы 13004,6 миң сом, атайын төлөм каражатынын 2020-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн сметасы 1480,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Там айылдык округунун ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу Х.Көчөрбаевге жүктөлсүн.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджеттик комиссиясына жана айыл аймагынын башчысы М.Камчыбековго тапшырылсын.

 

Ак-Там айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы

 

С.Досалиев