Редакцияот 17.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак- Там айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVI cессиясы

 

2020-жылдын 17-февралы № 26/3

 Ак-Там айылдык аймагындагы Кыргыз Республикасыны Салык кодексинин 339-беренесинин негизинде 2020-жылдагы айыл чарбасына арналбаган жерлердин салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффицентин тармактар боюнча өлчөмүн бекитүү жөнүндө.

 Кыргыз Республикасынын салык кодексине 339-беренесинин негизинде 2020-жылдагы айыл чарбасына арналбаган жерлердин салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффицентин тармактар боюнча өлчөмүн кароо жөнүндө маселелерди угуп жана талкууга алып, Ак-Там айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVI cессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ак-Там айылдык аймагында зоналдык К-3 коэффициенттинин тармактар боюнча 0,3төн 1,2чейинки өлчөмдөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.  

2.    Ак-Там айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин “ Ак-Там айылдык аймагында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин негизинде 2020-жылдагы айыл чарбасына арналбаган жерлердин салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффициентин тармактар боюнча өлчөмүн бекитүү жөнүндө” токтомун www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын жана жарыяланган күндөн баштап иш жүзүнө ашырылсын.

3.    Ушул токтомдун аткарылышн камсыз кылуу Ак-Там айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн салык инспектору М.Мамбетовго жүктөлсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Ак-Там айылдык

кеңешинин төрагасы

 

С.Досалиев