Редакцияот 29.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 С.Атабеков айылдык кеӊешинин отуз бешинчи сессиясы

 

2020-жылдын 29-февралы №3

 «Жерди муниципиалдык менчикке алуу жөнундө»

КРОно караштуу жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы кадастр мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын 06.02.2020-ж.№01-16\25 корутундусунун негизинде жана С.Атабеков айыл окмотунун 13.02.2020-жылдагы кайрылуусунун негизинде С.Атабеков айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.С.Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Жер айылындагы №554 контурдагы мурдакы эски суугат суу чыгаруучу скважинанын ордундагы 240,0 ч.м. жер тилкеси муниципиалдык менчике алынсын.

2.Токтомдогу жер тилкесин муниципиалдык менчике алуу жагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Курбановге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Калмурзаев